Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин Vчакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4
Ар түрдүү маселелер “Абзел” ИСКАКБ ишканасынын билдирүүсүн кароо жөнүндө
Жоош айыл аймагындагы “Абзел” ИСКАКБ ишканасынын билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Абзел” ИСКАКБ ишканасына тиешелүү болгон таза суу линияларынын үстүнө жана таза суу линиясына тиешелүү болгон суу магистралына бак-дарактарды эгүүгө тыюу салынсын.
2. Таза суу линиясынын үстүлөрүнө бак-дарак эгип алган атуулдар же мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө карабастан эгилген бак-дарактарды тез аранын ичинде алып салынсын
3. Өз учурунда бул токтомду аткарбаган атуулдарга административдик штраф салуу же болбосо кылмыш ишин козгоо иш чаралары жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |