Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-2
Ар түрдүү маселелер Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматынын 14.04.2015-ж. № 025/15/08/894/6521 катын кароо жөнүндө
Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматынын 14.04.2015-ж. №025/15/08/894/6521 катын талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде “Жергиликтүү кеңештер айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын базасын жердин асылдуулугуна карата көтөрүүгө укуктуу” деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү салыктын киреше бөлүгүн көтөрүү үчүн жер жана мүлк салыктарын киргизүү үчүн айылдарда коомдук угуулар өткөрүлсүн жана элдин макулдугун кабыл алуу менен киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |