Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-3
Ар түрдүү маселелер Мамажан айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты К.Жоробаевдин 25.02.2015-ж., Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси Ж.ДЖоробаевдин арыздарын кароо жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты К.Жоробаевдин, Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси Ж.ДЖоробаевдин арыздарын талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты К.Жоробаевдин, Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси Ж.ДЖоробаевдин арыздарын кароо өздөрү сессияга катышпай жаткандыгына байланыштуу кийинки кезексиз сессияга калтырылсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сибирь жарасынын үч чордонун тосуу үчүн акча каражатын карап берүү жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |