Загрузка документа…
А.АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Анаров айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 14-марты №6
Алля Анаров айыл аймагынын Жаңы-Араван айылынын тургундарынын 2015-жылдын 20-февралындагы болгон элдик чогулушундагы суроо талаптарын карап чыгуу жөнүндө
А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алля Анаров айыл аймагынын Жаңы-Араван айылынын тургундарынын 2015-жылдын 20-февралындагы болгон элдик чогулушундагы суроо талаптары канаттандырылсын.
2. Жаңы-Араван айылындагы квас цехине берилген 1,5 га жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери тарабынан үйрөнүп чыгып, такталсын.
3. Айыл өкмөтү квас цехине берилген жер тилкесин, айыл өкмөтүнүн балансына кайтаруу максатында сот органдарына кайрылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Нурбаевге милдеттендирилсин.
А.Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Абдуллаев |