Редакцияот 11.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Анаров айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2015-жылдын 11-апрели №1

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн Алля Анаров айылдык кеңешине айыл өкмөтүнүн аймагында бош жаткан жерлерди өкмөттүн балансына муниципалдык жерлер катары кабыл алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4, 9, 18-статьяларынын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-статьясынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жерлерден, жеке жана юридикалык жактардын жеке менчигиндеги жерлерден сырткары бош жаткан жер участокторун муниципалдык менчиктеги жерлер катары айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

2. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы  жалпы айыл өкмөтүнүн балансына алынган муниципалдык жерлерди Араван райондук жер кадастры жана мамлекеттик каттоо башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөрүүсү жана тийиштүү укук күбөлөндүрүүчү документ алуусу боюнча Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан мыйзам негизинде иш-чаралары көрүлсүн.

 

А.Анаров айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Абдуллаев