Загрузка документа…
А.АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Анаров айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 11-апрели №5
Айыл өкмөтүнүн юридикалык мааниге ээ болгон чечимдердин мыйзамдуулугун сактоо жана соттук иштерге катышууда айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргоо боюнча келишимдин негизинде айыл өкмөтүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнө юрист алуу жөнүндө
А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн юридикалык мааниге ээ болгон чечимдердин мыйзамдуулугун сактоо жана соттук иштерге катышууда айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргоо боюнча келишимдин негизинде айыл өкмөтүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнө Асаев Я.А. айыл өкмөтүнүн юристи болуп ишке алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин юридикалык мааниге ээ болгон чечимдердин мыйзамдуулугун сактоо жана соттук иштерге катышуу, айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргоо, юридикалык жардам көрсөтүү жагы Асаев Я.А. жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн юристи Асаев Я.Ага түзүлгөн келишимге ылайык төлөнө турган акысы бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жүктөлсүн.
А.Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Абдуллаев |