Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы №1
Куйручук айыл аймагынын 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджети 2016-2017-жылдардын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздер жөнүндө” мыйзамдарына ылайык. Депутаттардын Куйручук айылдык Кеңешинин бюджет салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана Куйручук айыл өкмөт башчысы Б.Абылабеков жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ы.Солтоеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап жана эске алып эл депутаттарынын Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз 31-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүу бюджетин толуктоо жана өзгөртүү менен аткарылышы кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 8016,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2015-жылга жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше жана чыгаша бөлүктөрү 3386,1 сом анын ичинен тендештирме гранты – 2567,3 сом жана жергиликтүү киреше 818,8 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2016-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору жалпы 3482,2 сом анын ичинен тендештирме гранты 2623,4 сом жана кирешелер 858,8 сом өлчомүндө бекитилсин.
2017-жылдын жалпы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 3606.4 сом анын ичинен тендештирме гранты 2692,6 сом жана жергиликтүү киреше 913.8 сом олчөмүндө бекитилсин.
Кассалык айлануу 40.0 сом өлчөмүндө бекитилсин
Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц.фондко чегерүүлөр коммуналдык чыгымдар, тамак аш ж.б.) каржылансын.
2015-жылдын бюджетинде көзөмөл сандын денгээлинде белгиленген тендештирмелик гранттан 2567,3 сом жана киреше бөлүгү 818,8 сом болгону мене туруктуу экономикалык шартты камсыз кылуунун мамлекеттик стнадартын минималдык денгээлинде түзүлгөн бюджет 4211,5 сом болуп бюджеттик жетишпестик 825,4 сомду түзгөндүгү эске алынып бул сумма КР Каржы министрлигинен суралсын.
Бул каражатты каралган багыттарга жараша жумшоо жагы айыл аймагынын ФЭБине милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агы Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абылабековго жүктөлсүн.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З.Баисов |