Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы №2
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн 493459 сом 07 тыйын каражатты чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндө“ Мыйзамдарына ылайык, куйручук айыл аймагынын айыл окмөтүнүн 2014-ылдын бюджетинен каралып үнөмдөлгөн каражатты 2015-жылга чыгымдоосун Куйручук айыл аймагынын айылдык кеңешинин епутаттарынын жана коомчулуктун ой пикирин, сунушун Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Абылабековдун жана финансы жана экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ы.Солтоеванын маалыматын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 31- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-ылга карата үнөмдөлгөн 493 459 сом 07 тыйын төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
1. А.Сулайманов орто мектебине ашканасын оңдоо (ремонт) үчүн 50000 сом өлчомүндө.
- Ынтымак жаштар уюмунун “Субанбе Ата” спорт мектебинин имаратын ондоого 20 000 сом бөлүнсүн.
- “Акжолтой Апа” бала бакчасына балдар уктоочу кровать сатып алуу үчүн 60 000 сом которулсун.
- Куйручук айылынын Г. Рысалиева көчөсүнүн инфраструктурасын оңдоо үчүн 50 000 сом акча каражаты берилсин.
- Куйручук айылынын социалдык муктаждыктары болгон Боз үй жана башка буюмарын алуу үчүн 50 000 сом бөлүнсүн.
- Куйручук айыл аймагынын Жайыт комитетининн төлөнбөй калган салыктын туумдарына (пенья) 20 000 сом которулсун.
- Куйручук айыл өкмөтүнүн кеңсесине компьютер сатып алуу үчүн 25 000 сом которулсун.
- Кызматтык “Нива автомашинасынын тетиктери үчүн 8 240 сом бөлүнсүн.
- Бактын жаш көчөттөрүн коргоого жана айлана чөйрөсүн тосуп курчоо үчүн 50 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мунципиалдык менчигинде турган имаратынын кеңсесине үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн беш пайыздык (5%) өздүк каражаттын салымына 160 219,07 сом бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда каралган каражаттарды багыттарга жумшоо жагы айыл аймагынын ФЭБ башчысы Ы.Солтоевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана айрым жетишпей калган акча каражаттарын табуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Абылабеков Бердибекке жүктөлсүн.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З.Баисов |