Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы №3
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык Жергиликтүү Кеңештин төрагасына компенсация төлөп берүү жөнүндө
2014-жылдын 16-октябрында кабыл алган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам актыларынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 21-ноябрь №158 Жарлыгына ылайык Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 31 кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасына 2014-жылдын ичинде жасаган иштерин жана өткөрүлгөн сессияларды эске алып, 12 000 сомго чейинки 1 жолку берилүүчү компенсация каралып берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде эсептөө жагы Куйручук айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Абылабековго жүктөлсүн.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З.Баисов |