Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 19-марты №4
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин,укуктарын,тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу органы жайыт комитетине жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктары бекитилип берилсин.
1.1 Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштаган бюджети бекитилсин.(киреше,чыгашалар системасы) ири мүйүздүү мал(уй,топоз,жылкы,төө,эшек) бир баш мал үчүн 50 сом,майда мал(кой,эчки) бир баш мал үчүн 10 сом,жаш бодо мал(кулун, музоо,тайлак,мамалак) бир баш үчүн 17 сом.
1.2. Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт үчүн жер салыгын жыйноо келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
1.3. Айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт аймагында жайгашкан,отурукташкан малчыларга 2-пункутка ылайык жайыт билетин сатуу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Кыдыкбаевге жана бухгалтери К.Исираиловго милдеттендирилсин.
1.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо тиркелген кабыл алуу-откөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктураларына тиешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик -укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Кара-Жур айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И.Алтымышов |