Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 19-марты №6
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик – укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык,Кара-Кужур айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик -укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Кара-Жур айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И.Алтымышов |