Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 12-марты №1/3
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү аты жок сай көчөгө маркум Усенбаев Таалайбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин тапшырмасы боюнча райондук мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катттоо бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан кыймылсыз мүлк обьектилерине почта номерерин ыйгаруу иштерин жүргүзүү үчүн,үйлөрдүн номерлери жок жана аттары жок көчөлөргө ат берүү жана номер коюу иштерин аткаруу боюнча Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасын аткаруу максатында жана Усенбаев Таалайбектин уулу Таалайбек уулу жещишбектин атасынын атын көчөгө ыйгаруу боюнчажазган арызын,ошондой эле көпчүлүк элдин колу коюлган тиркемелерин,Усенбаев Таалайбектин калтырган эмгектерин эске алуу,арызды канааттандыруу максатында депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып,Баш-Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аты жок сай көчөсүнө Усенбаев Таалайбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Арызда жазылгандай Таалайбек уулу Жещишбек көчөнүн аттарын жаздырып,номерлерин илдирип берүүсүн милдетине алсын жана кийин жащы салына турган үйлөргө кошо илдирээрин эске алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абыласан кызы айзатка жана Таалайбек уулу Жещишбекке жүктөлсүн.
4. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Баш-Кууганды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Ажыгулов |