Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 12-марты №1/3
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Ашар балдар машыгуучу жайына «Дыйкан-Ашар» атын ыйгаруу жөнүндө
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Жекшенов Актан жетекчилик кылган кикбоксчу жана боксчу балдар акыркы 4 жылдан бери эл аралык мелдештерде жана өлкө ичиндеги мелдештерде алдыщкы орундарды алып,мыкты жыйынтык көрсөтүп келе жатышкандыктан,алардын ашар машыгуучу жайына кичи спорт клуб катары ысым ыйгаруу боюнча мектеп директору А.Жекшеновдун сунушунун негизинде депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып,Баш-Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ашар машыгуучу жайына мекеме ашар жолу менен эл тарабынан салынгандыгы эске алынып, «Дыйкан-ашар» аты ыйгарылсын.
2. Өлкө ичиндеги жана эл аралык мелдештерге спортчу балдар мындан ары ушул «Дыйкан-Ашар» клубунун атынан деп барышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы машыктыруучу Жекшенов Актанга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
4. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Баш-Кууганды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Ажыгулов |