Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 06-февралы №17/1
Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 602,5мин сом калган калдык акча каражатын 2015-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 603.5мин сом калган калдык акча каражатын 2015-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 603,5 мин сом калган калдык акча каражатын 2015-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 603,5мин сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин:
Раздел 701(аппарат) ст. 22211100-103,5 мин сомго көбөйтүлсүн
Раздел 701(аппарат) ст. 22154900-100,0 мин сомго көбөйтүсүн
Раздел 708(клуб) ст. 22211100-400,0 мин сомго көбөйтүлсүн
3.Өткөн жылдан калган акча каражатын 2015-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектүү статьяларына отургузуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановго жүктөлсүн.
4.Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|