Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 06-февралы №17/2
Ленин айылдык округунун 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы ,2015-жылдын бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ленин айылдык округунун 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы ,2015-жылдын бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча айылды кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Сарыбаевдин билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ленин айылдык округунун бюджетинин 2014-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 7153,4 мин сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 9704,4миң сомго, киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 9892,1миң сомго, чыгашалар боюнча 9288,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджети 2015-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 7628,0 мин сомго бекитилсин.Анын ичинен ,толуктоочу грант 5996,2 миң сомго, өздүк киреше 1631,8 миң сом болгондугу белгиленсин.
3.Ленин айыл өкмөтү боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 280,0 мин сомго бекитилсин.
4.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга карата болжолдуу планы 7839,7 мин сомго,2017-жылга карата болжолдуу планы 7997,4 мин сомго бекитилип ,жетишпеген акча каражатына толуктоолорду жана өзгөртүүлөр киргизүү менен кабыл алынсын.
5. Мектептердин ремонтторуна ,көмүргө керектелүүчү акча каражаты Республикалык бюджеттен өткөрүп берүүчү каражаттар аркылуу берилгендигинин негизинде сметада каралбагандыгы белгиленсин.
6.Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында ,сарамжалдуу пайдалануу бардык мектептердин,балдар бакчалардын жана маданий мекемелердин жетекчилеринен талап кылынсын жана аны көзөмөлдөэ ФЭБ башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы Ж.Исираиловко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|