Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 01-апрели №18/1
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш ,Күн-Элек ,Гагарин айылдарындагы тургундарды жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш ,Күн-Элек ,Гагарин айылдарындагы тургундарды жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча айыл башчылардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш ,Күн-Элек ,Гагарин айылдарындагы тургундарды жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча айыл башчылардын билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Жайлоого көчүү мөөнөтү аба ырайына карап 15-майдан баштап көчүшсүн ,көчүп келүү мөөнөтү 10-сентябрдан белгиленсин жана сырттан келген малдарды алыскы Алай жайлоосуна көчүп кетээрде алышсын , көчүп келээри менен таркатылып берилсин, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү токтомдун аткарылышы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|