Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 01-апрели №18/4
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы тургундарды таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы тургундарды таза суу менен камсыз кылуунун абалы боюнча “ Данги –Булак” ИСКААБ башчысы Д.Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы тургундарды таза суу менен камсыз кылуунун абалы боюнча“ Данги –Булак” ИСКААБ башчысы Д.Осмоновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Согоду айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылууда суунун азайгандыгына байланыштуу жеке менчик крандары бар тургундардын кранына учетчик коюлсун жана түшүндүрүү иштери жүргүзүү айыл башчы А.Капаровго жана Д.Осмоновго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|