Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 01-апрели №18/7
Ленин айыл өкмөтүнүн Күн-Элек айылынын тургундарынын 2014-жылдын 31- октябрындагы элдик жыйынынын №23 протоколун бекитүү жөнүндө
Күн-Элек айылынын айыл башчысы А.Айтманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Элек айылынын Куу-Там участкасынан турак жай куруу үчүн 53 адамга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап иш кагаздарын бүтүрүү жерге жайгаштыруу жана ОКМ боюнча башкы адис Н.Нурдиновко жана айыл башчы А.Айтманбетовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|