Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 01-апрели №18/9
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургундарынын турак жай курууга жер берүү арыздары жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н.Нурдиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургундары Абдырахман уулу Эсенбекке, Парманасов Алимбай Умудиновичке, Исаков Абазбек Абдырахмановичке, Согонду айылынын “Эки-Терек” участкасынан , Маматов Медербек Каныбековичке , Камытов Жолдубай Рысмаматовичке “Кара-Мойнок” участкасынан турак жай курууга 0,06 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун негизинде жер учсасткасын аныктап, тактап тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын Ленин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н.Нурдиновко тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|