Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-августу №66/10-3
З.К. Кочорбаевге мурунку бала бакчанын имаратын жана курулушу бүтө элек орто мектептин 3 кабаттуу имаратын убактылуу колдонууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын өтүнмөсүн жана Токмок ш. тургуну З.К.Кочорбаевдин арызын карап жана талкуулап чыгып, 3-кичи райондогу курулушу бүтө элек орто мектептин имараты жана каралбай калган мурунку бала бакчанын имараты начар абалда экендигин, тургундар тарабынан бузууга алып келип жаткандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, профильдик депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына З.К.Кочорбаевге курулушу бүтө элек орто мектептин имаратын жана мурунку “Айнек” бала бакчасынын имаратын объектин ээси тарабынан талап кылынууга чейин убактылуу акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берсин.
2. Токмок ш. мэриясы жогоруда көрсөтүлгөн имараттардын анык абалына акт түзүү үчүн комиссия түзсүн жана З.К.Кочорбаевге келишим боюнча объектин ээси тарабынан талап кылынууга чейин убактылуу акысыз пайдаланууга берсин.
3. З.К.Кочорбаев калыбына келтирүү иштери башталышына чейин ушул объектилердин анык абалынын сакталышын камсыздап жана аймакты ыңгайлаштырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин профильдик туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|