Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-августу №63/10-3
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мэриянын аппаратында жана Токмок ш. мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрлык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан төмөндөгү өзгөрүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Шамыралиев Жыргалбек Жумадылович жана Акылбеков Талантбек Тилектешевич чыгарылсын,
- комиссиясынын курамына Сыдыгалиев Нурдин Сардарбекович, Дженишев Сулайман Алымбекович жана Эсенбеков М.Э. киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|