Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-августу №59/10-3
Токмок ш. коммуналдык кызматтарды пайдалануучулардын бириккен бирдиктүү маалымат базасын (ББМБ) киргизүү жана түзүү жөнүндө
Шаардын коммуналдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү, пайдалануучуларды толук чаралуу ишке тартууну камсыздоо, Токмок шаары боюнча коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдүн жыйналышын жогорулатуу жана шаардын тургундары үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, экономика, бюджет, каржы, саклыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жылуулук” МИ, “Токмок Водоканал” МИ жана Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинаты муниципалдык ишканаларына Токмок шаарынын аймагында коммуналдык кызматтарды пайдалануучулардын бириккен бирдиктүү маалымат базасы (ББМБ) киргизилсин жана түзүлсүн.
2. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башкаруучусу (Котко Н.Т.) тарабынан Токмок шаарынын коммуналдык кызматтарды төлөөчүлөрдүн бириккен бирдиктүү маалымат базасын (ББМБ) киргизүү жана түзүү боюнча иш чараларды өткөрүү үчүн 501,4 миң сом өлчөмүндө акча каражат издеп таап жана бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин профильдик туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|