Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели №58/9-3
Токмок шаарынын КААБна акча каражат бөлүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борборлоруна жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борборлоруна материалдык жардам көрсөтүү үчүн Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башкаруучусу (Котко Н.Т.) тарабынан 2013-жылдын бюджетинен 200,0 миң сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Токмок шаардык Кеңешинин укук тартиби жана коргонуу боюнча комиссиясы, Токмок ш. мэриясынын аппарат жетекчиси (Сатыбалдиев Ж.М.) кеңеш берүү боюнча жана башка жардам көрсөтсүн, ошондой эле Токмок шаарынын КААБнун ишине көзөмөл жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, Токмок шаардык Кеңешинин укук тартиби жана коргонуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|