Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели №55/9-3
Балдар спорт аянтчаларын жаңылоого кошо каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриА.Н.Оморкановдун №2, №6, №8 орто – жалпы билим берүү мекемелеринин балдар спорт аянтчаларын жаңылоо үчүн АРИСтен бөлүнгөн сумманын 5%ын кошо каржылоого макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Долбоорунун алкагында №2, №6, №8 орто – жалпы билим берүү мекемелеринин балдар спорт аянтчаларын жаңылоо үчүн Токмок шаардык каржы бөлүмү тарабынан (Котко Н.Т.) 2013-жылдын бюджетинен 144324 (жүз кырк төрт миң үч жүз жыйырма төрт сом) өлчөмүндө кошо каржылоо үчүнакча каражат каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын вице-мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктаржана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|