Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели №54/9-3
“ТИГ” МИ “Токмок соода борбору” ЖАКнун уюмдаштыруучуларынын түзүмүнөн чыгууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэри А.Н.Оморкановдун “ТИГ” МИ “Токмок соода борбору” ЖАКнун уюмдаштыруучуларынын түзүмүнөн чыгууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү жамааттарынын кызыкчылыктарын сактоо менен “ТИГ” МИ “Токмок соода борбору” ЖАКнун уюмдаштыруучуларынын түзүмүнөн чыгууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигине жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|