Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели №51/9-3
Токмок шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 25-майындагы №41/8-1 «КР ИИМ ички аскер бөлүгүн жайгаштыруу үчүн №37 толук эмес орто мектебинин (мектеп-интернат) жатаканасынын имаратын жана жанындагы аймагын колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КР ИИМ ички аскер бөлүгүнүн 702 аскер бөлүгүнүн теңдемине Токмок ш. Дунларов көчөсү 274 жайгашкан №37 толук эмес орто мектебинин (мектеп-интернат) аянты 25000кв.м. түзгөн жатаканасынын имаратын жана жанындагы аймагын мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун м.а. маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР ИИМ ички аскер бөлүгүнүн 702 аскер бөлүгүнүн теңдемине Токмок ш. Дунларов көчөсү 274 жайгашкан №37 толук эмес орто мектебинин (мектеп-интернат) аянты 25000кв.м. түзгөн жатаканасынын имаратын жана жанындагы аймагын мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүдөн баш тартылсын.
2. Токмок шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 25-майындагы №41/8-1 «КР ИИМ ички аскер бөлүгүн жайгаштыруу үчүн №37 толук эмес орто мектебинин (мектеп-интернат) жатаканасынын имаратын жана жанындагы аймагын колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп саналсын.
3. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан орнотулган тартипте негизги каражаттарын кабылдоо-өткөрүү жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, Токмок ш. вице-мэрине жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|