Редакцияот 24.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык Кеңешинин III чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 24-апрели №50/9-3

Токмок “Себат” окуу-тарбия комплекси  муниципалдык жер участогун жана имараттарын колдонгону үчүн ижара төлөө жөнүндө

Токмок «Себат» Окуу-тарбия комплексинин өтүнүч катын карап, туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Р.Ш.Машалаеванын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок «Себат» окуу-тарбия комплексинин муниципалдык менчикте турган жер участогун жана имараттарын  ижара акысын төлөөдөн бошотууга баш тартылсын.

2. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жер участогуна жана имараттарына  ижара акысын төлөө боюнча эсептөөлөр жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын вице-мэрине жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р.Таманбаев