Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели №46/9-3
Токмок шаарынын 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга милдеттери жөнүндө
Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Котконун “Токмок шаарынын 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 2, 35, 46 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы – экономикасынын негизи жөнүндө” Мыйзамынын 2, 3, 7, 13 беренелерин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин көзөмөлдөө сандарын жетекчиликке алуу менен жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын киреше жана чыгаша боюнча бюджети 2013-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 282824,3 миң сом өлчөмүндө, 2014-жылга божомол – 298579,3 миң сом, 2015-жылга – 322519,3 миң сом (№1,№2 тиркемеге ылайык) жана 2013-2015-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы бекитилсин (тиркеме №3);
2. 2013-жылга категориялык град өлчөмүндө “Билим берүү” бөлүмү боюнча республикалык бюджеттен – 99559,3 миң сом жана 2014-2015-жылдарга божомол – 99559,3 миң сом (тиркеме№4);
3. Категориялык грандттарды биринчи ирет “Билим берүү” чыгаша бөлүмү боюнча артыкчылык багытында каржылоого жөнөтүлүүсү орнотулсун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №91 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин буйругуна ылайык, корголгон чыгаша беренелери боюнча төлөм жүргүзүлгөндөн кийин каражаттын калдыгы коммуналдык тейлөөгө жөнөтүлсүн;
4. Жергиликтүү бюджеттин чыгашанын үстүнөн ашыкча кирешенин эсебинен 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгаша бөлүмүнүн өзгөрүлгөн тизмеги бекитилсин (тиркеме №5);
5. 2013-жылдын жана 2014-2015-жылдарга божомолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, стипендия, калкка жеңилдетүүлөр) каржылоо орнотулсун;
6. Каржы бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан:
- Токмок ш. боюнча МСКБнын берген маалыматына ылайык жана билим берүү мекемелери үчүн 13,2 млн.сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен кошумча категориялык грандтарды бөлүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен жергиликтүү бюджеттин 2013-жылга киреше бөлүгүнүн планын азайтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен биргеликте республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн турак үйлөрү боюнча “Токмок Жылуулук” МИ субсидиялоо үчүн механизими иштелип чыксын;
- шаардын бюджеттик мекемелеринин 2012-жылдын кредитордук карызын жоюуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн;
7. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (МайтиковТ.К.), Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. (Орозбаев М.Т.) тарабынан:
- ай сайын салыктар жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча жыйноо планынын аткарылышы камсыздалсын;
- кыймылсыз мүлккө салык, айыл чарбалык эмес багыттагы жерлердин жер салыгын жана роялти боюнча жыйымдарды жогорулатуу боюнча чаралар көрүлсүн;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыктарын кыскартуу боюнча иш күчөтүлсүн;
8. Токмок шаарынын каржы бөлүмү жана Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын тарабынан бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөрүүлөр киргизилсе, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда тактоо жүргүзүлсүн, шаардык Кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен.
9. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, Султан Ибраимовго айкел орнотууга 500,0 миң сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоого каражат каралсын.
10. Токмок ш. ОРБӨСМнин имаратынын капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн түрктү берүүчү (үлүштүк) грантына долбоорун ишке ашырууга кошо каржылоо үчүн жергиликтүү шаардын бюджетинен 639,8 миң сом өлчөмүндө каражат каралсын, анын ичинен:
-50 пайызы же 319 923 сом өлчөмүндө – акчалай түрүндө;
-50 пайызы же 319 923 сом өлчөмүндө – материалдар жана эмгек күчү түрүндө.
11. Токмок ш. ММБ (Коммуналдык ишканалар комбинаты) боюнча мурун каралган чыгымдар сметасы кайра каралып жана шаарды ыңгайлаштырууга каражаттарды азайтуу менен 4000,0 миң сом өлчөмүндө каражат шаардын жолдорун оңдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жөнөтүлсүн.
12. Киреше бөлүгүн ашык аткарууда (профицит) жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын:
а) 2,0 миң сом өлчөмүндө коммуналдык кызматтар үчүн кошумча төлөм аппаратардын кызматкерлерине: Билим берүү бөлүмүнүн 120,0 миң сом өлчөмүндө, Маданият бөлүмүнүн – 112,0 миң сом, Токмок ш. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын - 352,0 миң сом, бардыгы - 584,0 миң сом, анын ичинен: кызмат акы – 498,0 миң сом, Соцфонд төлөмдөрү – 86,0 миң сом.
б) Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына 7000,0 миң сом, анын ичинен:
- 3-кичи райондогу бала бакчанын оңдоо ишерин кошо каржылоого – 2000,0 миң сом;
- КИКнын 2012-жылдын кредитордук карыздарын жоюуга – 5000,0 миң сом;
13.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган, бюджеттик ишканалар шаардык каржы бөлүмүнө бюджет жана атайын каражаттар боюнча чыгаша сметасын жана штаттык түзүмүн сунуштоого милдеттенишсин.
14.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Токмок шаардык бюджеттик ишканаларда коммуналдык кызмат боюнча (байланыш кызматы, сууга төлөм, электроэнергиясы, жылуулук энергиясы) ченем катуу кармалсын.
15. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21 б. ылайык, шаардык бюджетти бекитүүдө, караганга мүмкүн эмес экономикалык, социалдык – маданий жана башкалар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, Токмок шаардык мэриясынын резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 1% көлөмүнө чейин түзүлсүн.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|
|
|
2013-жылга карата Токмок ш. жергиликтүү бюжетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жана 2016-2017 -жылдарга карата божомолу | |||||
жана 2014-2015 -жылдарга карата божомолу | |||||
(миң сом) |
| ||||
Элемент (8) | Аталыштары | 2013 г. | Божомол |
| |
2014 г. | 2015 г. |
| |||
|
|
|
|
|
|
| жалпы кирешелер | 282824,3 | 298579,3 | 322 519,3 |
|
| Атайын каражаттарсыз жалпы кирешелер | 261824,3 | 277579,3 | 301 519,3 |
|
| МСК кирешелер | 152765,0 | 167720,0 | 190 560,0 |
|
11 | салык кирешелери | 147145,0 | 162100,0 | 184 940,0 |
|
11111100 | салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы | 44300,0 | 49875,0 | 56 625,0 |
|
11121100 | чакан ишкердүүлүк субъек. үчүн бирдиктүү салык | 2300,0 | 2650,0 | 3 000,0 |
|
11122100 | милдеттүү патенттин негизинде салык | 870,0 | 1020,0 | 1 200,0 |
|
11122200 | ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 20200,0 | 21100,0 | 24 400,0 |
|
11311100 | ишкердүүлүк үчүн колдонулбаган кыйм. мүлккө салык | 193,0 | 193,0 | 193,0 |
|
11311200 | ишкердүүлүк үчүн колдонулган кыйм. мүлккө салык | 9327,0 | 9727,0 | 11 327,0 |
|
113121 | унаа каражаттарына салык | 11000,0 | 12000,0 | 14 100,0 |
|
11321100 | короо -бакча жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн салык | 3260,0 | 3260,0 | 3 260,0 |
|
11321300 | айыл -чарба эмес жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык | 11240,0 | 12740,0 | 12 740,0 |
|
11412100 | сатуудан түшкөн салык | 42935,0 | 47935,0 | 56 295,0 |
|
11442 | Роялти | 1520,0 | 1600,0 | 1 800,0 |
|
14 | салык эмес кирешелер | 34120,0 | 34920,0 | 36 020,0 |
|
14151100 | пайдалуу кендер же отун кендер чыккан жерлерди иштетүү үчүн төлөм | 940,0 | 940,0 | 940,0 |
|
14152100 | жерди ижарага алуу үчүн төлөмдөр | 2830,0 | 2830,0 | 2 830,0 |
|
14153200 | мун.менч. жайл., имарат., курул-дын ижара төлөмдөрү | 350,0 | 350,0 | 350,0 |
|
14221700 | таштандыларды ташып чыгуу үчүн төлөмдөр | 300,0 | 300,0 | 300,0 |
|
14221800 | унаалардын токтотмолору үчүн төлөмдөр | 1200,0 | 1200,0 | 1 200,0 |
|
142222 | юстиция органдары тараб. алынган мамалымдар | 5800,0 | 6500,0 | 7 600,0 |
|
1423 | акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүлөр (атайын каражаттар) | 21000,0 | 21000,0 | 21 000,0 |
|
14311100 | Административдик айыптар | 1700,0 | 1800,0 | 1 800,0 |
|
3 | Активдер жана милдеттер | 2000,0 | 2000,0 | 2 000,0 |
|
13 | Алынган расмий трансферлер | 99559,3 | 99559,3 | 99 559,3 |
|
|
|
2013-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн | ||||
жана 2014-2015 жылдарга карата божомолунун долбоору | ||||
миң сом. | ||||
Бөлүк | Аталышы | 2013-ж. | Божомол | |
2014-ж. | 2015-ж. | |||
701 | Мамлекеттик кызматтар |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 20584,6 | 24858,3 | 27317,0 |
| атайын каражаттар | 150,0 | 150,0 | 150,0 |
702 | Коргонуу |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 2742,3 | 2906,8 | 3153,9 |
703 | Коомдук тартип |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 2865,2 | 3037,1 | 3295,3 |
| атайын каражаттар | 50,0 | 50,0 | 50,0 |
706 | ТЖКЧ |
|
|
|
| бюджетик каражаттар | 43431,4 | 48525,3 | 52871,0 |
707 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 915,0 | 969,9 | 1052,3 |
708 | Маданият |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 16923,1 | 17880,1 | 19178,9 |
| атайын каражаттар | 737,8 | 737,8 | 737,8 |
709 | Билим берүү бөлүмү |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 161312,4 | 165568,5 | 179641,8 |
| атайын каражаттар | 20062,2 | 20062,2 | 20062,2 |
710 | Социалдык өнүктүрүү |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 10222,3 | 10835,6 | 11756,6 |
| Бардык каражаттар | 282824,3 | 298579,3 | 322519,3 |
| бюджеттик каражаттар | 261824,3 | 277579,3 | 301519,3 |
| атайын каражаттар | 21000,0 | 21000,0 | 21000,0 |
|
| ||||||||
Токмок ш. 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн жана 2014-2015ж.ж. божомолунун | ||||||
долбоорун жөнгө салуу планы | ||||||
(миң сом) | ||||||
Кирешелер | 2013-жыл | Божомол | ||||
2014-жыл | 2015 -жыл | |||||
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен | шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен | шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен | ||||
% | сумма | % | сумма | % | сумма | |
|
|
|
|
|
|
|
1.Жөнгө салынуучу кирешелер |
| 112125,0 |
| 124180,0 |
| 143320,0 |
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 50 | 44300,0 | 50 | 49875,0 | 50 | 56625,0 |
Чакан ишкерд суб.үчүн бирдиктүү салык | 100 | 2300,0 | 100 | 2650,0 | 100 | 3000,0 |
Милдеттүү патент негизиндеги салык | 100 | 870,0 | 50 | 1020,0 | 50 | 1200,0 |
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 100 | 20200,0 | 100 | 21100,0 | 100 | 24400,0 |
Сатуудан түшүүчү салык | 50 | 42935,0 | 50 | 47935,0 | 50 | 56295,0 |
Роялти | 50 | 1520,0 | 50 | 1600,0 | 50 | 1800,0 |
2.Бекитилген кирешелер |
| 71140,0 |
| 74840,0 |
| 79640,0 |
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык | 100 | 193,0 | 100 | 193,0 | 100 | 193,0 |
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык | 100 | 9327,0 | 100 | 9727,0 | 100 | 11327,0 |
Унаа каражаттарына салык | 100 | 11000,0 | 100 | 12000,0 | 100 | 14100,0 |
Жеке жактардан алынуучу жер салыгы | 100 | 3260,0 | 100 | 3260,0 | 100 | 3260,0 |
Юридикалык жактардан алынуучу жер салыгы | 100 | 11240,0 | 100 | 12740,0 | 100 | 12740,0 |
Пайдалуу кендер же лтун кндер чыккан жерлерди иштетүү үчүн төлөм | 100 | 940,0 | 100 | 940,0 | 100 | 940,0 |
Жерлерди ижарага алгандыгы үчүн төлөм | 100 | 2830,0 | 100 | 2830,0 | 100 | 2830,0 |
Муниципалдык менчиктеги имараттарды, курулмаларды ижарага алгандыгы үчүн төлөм | 100 | 350,0 | 100 | 350,0 | 100 | 350,0 |
Таштанды чыгаргандыгы үчүн төлөм | 100 | 300,0 | 100 | 300,0 | 100 | 300,0 |
Автоунаа токтоткондугу үчүн төлөм | 100 | 1200,0 | 100 | 1200,0 | 100 | 1200,0 |
Юстиция органдары алуучу мамтөлөм | 100 | 5800,0 | 100 | 6500,0 | 100 | 7600,0 |
Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражат | 100 | 21000,0 | 100 | 21000,0 | 100 | 21000,0 |
Айып пулдар, санкция конфискация | 100 | 1700,0 | 100 | 1800,0 | 100 | 1800,0 |
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу | 100 | 2000,0 | 100 | 2000,0 | 100 | 2000,0 |
3. Категориалдуу гранттар | 100 | 99559,3 | 100 | 99559,3 | 100 | 99559,3 |
Баардык кирешелер |
| 282824,3 |
| 298579,3 |
| 322519,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
бюджеттик каражаттар |
| 261824,3 |
| 277579,3 |
| 301519,3 |
атайын каражаттар |
| 21000,0 |
| 21000,0 |
| 21000,0 |
|
|
2013-ж. карата республикалык бюджеттен алынуучу | ||||
категориалдык гранттар жана 2014-2015ж.ж. | ||||
«Билим берүү» бөлүмү боюнча божомол | ||||
(миң.сом) | ||||
№ к/э | Уюумдун аталышы | 2013-ж | Божомол | |
2014-ж. | 2015-ж. | |||
1 | Шаардык билим берүү бөлүмү | 85726,2 | 85726,2 | 85726,2 |
2 | Олимпиадалык резервтеги мектеп | 4958,0 | 4958,0 | 4958,0 |
3 | Медициналык колледж | 6596,3 | 6596,3 | 6596,3 |
4 | "Бейкут - үйү " үй бүлөлүк үйү | 659,2 | 659,2 | 659,2 |
5 | Балдардын музыкалык мектеби | 1619,6 | 1619,6 | 1619,6 |
| Жыйынтыгы | 99559,3 | 99559,3 | 99559,3 |
|
|
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн | |||||
2012-ж. 18-декабырынын №836 токтомуна ылайык бюджеттик ассигнованиелерди | |||||
жылдыруунун эсебинен шаардык жергиликтүү бюджетинин | |||||
чыгаша бөлүгү боюнча өзгөрүүлөрдүн тизмеси | |||||
Бөлүк | Аталышы | Бардыгы | "Айлык акы" | "Соц.фонд чегерүлөр" | |
|
| статья | 2111 | 2121 | |
| Бюджеттик ассигнованиелердин Көбөйтүлсүн |
|
|
| |
701 | "Жалпы дайындоодогу мамлекеттик кызматтар" | 3574,0 | 3188,1 | 385,9 | |
704 | "Экономикалык маселелер" | 106,0 | 90,4 | 15,6 | |
706 | "ТЖЧБ" | 196,3 | 167,5 | 28,8 | |
708 | "Эс алуу, маданият , дин" | 339,3 | 292,9 | 46,4 | |
| Жыйынтыгы | 4215,6 | 3738,9 | 476,7 | |