КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 1/1
Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 20-июндагы протоколун талкулоо
Депутаттар Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын «Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан айылдык кенештин 17-сессиясынын № 2 токтомунун аткарылышы жөнүндөгү» 2015-жылдын 20-июнундагы протоколун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 28-бер. 2-бөл, 31-бер. 6,12-бөл, «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-бер. 6,8-бөл. жана Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламентинин 2 главасынын 1,12-абзацтарынын талаптарын жетекчиликке алып Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы А.Марасуловага Кашкар-Кыштак айылдык кеёешинин 17-сессиясынын № 2 токтомунда берилген 2 айлык сыноо мөөнөтү ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн А.Марасуловага ишеним көрсөтүлбөсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыёдоо, кенештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомдун көчүрмөсү кызыкдар тараптарга маалымат үчүн берилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |