Редакцияот 04.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

 

2015-жылдын 04-июлу № 5

«Хает-Бахш» ИСКАКБсына акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Депутаттар «Хает-Бахш» ИСКАКБсынын төрагасы Х.Солиевдин Кашкар-Кыштак айылындагы 2 суу скважинасы бузулгандыгы, аларды оёдотуу үчүн Ош облустук Геология партиясы менен 271 454 сомго келишим түзүп, азыркы убакта алар скважи-наларды оёдоп жаткандыгы, ошондуктан түзүлгөн келишимдин негизинде түзүлгөн сметага ылайык аларга төлөнө турган 271 454 сомду бюджеттен ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Аймактагы элдерди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында Кашкар-Кыштак айылындагы 2 суу скважинасын оёдотуу үчүн «Хает-Бахш» ИСКАКБсына 272 000 (Эки жүз жетимиш эки миё) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен ажыратууга макулдук  берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө – жогоруда көрсөтүлгөн сумманы «Хает-Бахш» ИСКАКБсына өз убагында которуп берүүнү камсыз кылсын.

3. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине таанышуу үчүн берилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов