Редакцияот 04.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

 

2015-жылдын 04-июлу № 6

Айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызматкерлеринин 2014-жылдын ичинде аткарган ишин баалоонун жыйынтыгы менен бюджеттик сметасынын эмгек акы фондуна кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы А.Марасулованын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсчөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн баалоо комиссиясынын 2015-жылдын 14-январындагы № 1протоколунун жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 2 буйругунун негизинде  Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин 2014-жылдын ичинде аткарган ишин баалоонун жыйынтыгы менен муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө тарифтик сеткасы бир кадамга жогорулашына байланыштуу бюджеттик сметага ылайык эмгек акы фондуна 83 000 (Сексен үч миё) сом өлчө мүндө кошумча акча каражаты ажыратылсын .

2. Айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнө–көрсөтүлгөн сумманы 2015-жылдын отчеттук мезгилинин аягына чейин кызматкерлердин ишин баа- лоонун жыйынтыгы менен эмгек акыларын кайра эсептөөнү жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештинМенчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов