Редакцияот 04.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

 

2015-жылдын 04-июлу № 14

Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Ахмаджанов Абдыманаптын арызын кароо

Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиев Ахмаджанов Абдаманаптын арызы менен тааныштыргандан кийин, арызды угуп жана тал- куулап чыгып,Кара-Суу райондук сотунун 2013-жылдын 19-июнундагы чечими нин (ГД № 03-1152) негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Ахмаджанов Абдыманаптын арызы толук канааттандырылып, анын пайдасына 174 400 (Бир жүз жетимиш төрт миё төрт жүз) сом эмгек акысын төлөнүп берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө – А. Ахмаджановдун эмгек акысын бюджеттин жетиштүүлүгүнө жараша төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов