Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 16
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджеттин кирешелери боюнча долбоорду карап берүү жана 2015-жылдын бюджеттик сметасындагы электр энергиясы үчүн бөлүнгөн акча жетпей жаткандыктан кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы А.Марасулованын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 2015-жылдын 20-майындагы №14-01-2-5506 катынын негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджеттин кирешелери боюнча долбоору бекитилсин.
2. 2015-жылдын бюджеттик сметасындагы электр энергиясы үчүн бөлүнгөн акча жетпей жаткандыктан 250 000 (Эки жүз элүү миё) сом кошумча акча кара- жаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |