Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 18
Кашкар-Кыштак айылынын Кара-Суу көчөсүнүн жашоочуларынын арызын кароо
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын Кара-Суу көчөсүнүн тургундарынын «айылдын борбордук көчөсүндөгү унаа каттоочу жолго тоскоолдуктарды (лежачий поли-цейский) орнотуп берүү жөнүндөгү арызы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнө-жогорудагы аталган арызды канааттандыруу максатында тиешелүү мекемелерге кайрылуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |