Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 21
“Алтын балалыгым” жана “Нур тилек”балдар бакчаларынын башчыларынын сунуш каттарын кароо
Депутаттар “Алтын балалыгым” балдар бакчасынын башчысы Миёбаева Адинанын жана Нышанова Гулсаранын - “азык-түлүктөрдүн баасы кымбатта гандыыгна байланыштуу ата-энелердин мүчөлүк акысынын өлчөмүн көтөрүп берүү жөнүндөгү” - сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азык-түлүктөрдүн (эт, гүрүч, май, ун ж.б. азыктар) баасы кымбаттаганды- гына байланыштуу «Алтын балалыгым» жана «Нур тилек» балдар бакчаларын да ата-энелердин мүчөлүк акысынын өлчөмү 700 (Жети жүз) сомго көтөрүлсүн.
2. Балдар бакчаларынын башчыларына-бул токтомдун мазмуну менен ата-энелерди тааныштырышсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар иштери, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |