Редакцияот 25.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 19- сентябры № 74/XIX-3

Кайыңды шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдын 3 кварталында киргизилген толуктоо жана өзгөрүүлөр жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын аткаруу максатында “ Кайынды шаарынын бюджетинин 2014 жылдын 3-кварталына бюджеттик насыяларды жылдырууга уруксат берүү жөнүндө” маалыматын угуп Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын  мэриясынын сметасынын билдирүүсүнө жараша күтүлбөгөн чыгымдарды, маданий-социалдык жана башка иш чаралардын, бюджетте 2014 жылы каралбай жана бекитилбей калган, чыгашаларды жабуу үчүн 4 кварталдан 3 кварталга жылдыруу уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайынды шаардык кеңешинин бюджет туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кайыңды шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

У.Б. Абдрасулов