Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2015-жылдын 14-августу № 54
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясында 14.03.2015-жылы кабыл алынган № 34 токтомунун 5–Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясында 14.03.2015-жылы кабыл алган № 34 токтомунун 5 –Тиркемесине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү, билдирме берүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдетендирилсин.
4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын 14.08.2015-жылдагы № 54 токтомуна Тиркеме
|
Таблица 1
№ | Пункттар (Токтом №34, 5-Тиркеме) | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | 14.03.2015-жылдагы № 34 токтомдун 5-Тиркемесинен кыскартылган акча каражатынын өлчөмү (миң сом) |
1 | 2.п | ПДП | 1250,0 |
2 | 3.п | МЧС | 80,0 |
3 | 4.п | Таштанды төгүүчү жай (полигон)+утилизация | 350,0 |
4 | 7.п | Өкмөттүк электрондук базаны түзүү | 120,0 |
5 | 8.п | Жаштар аллеясына+паркка көчөт алууга | 12,4 |
6 | 19.п | Аскердик формага | 120,0 |
7 | 22.п | Таштанды үчүн урналарга | 12,0 |
|
|
|
|
|
| МЕКТЕПТЕРДЕН |
|
1 | 1.п | Токтогул мектебине | 6,0 |
|
| Жалпы: | 1950,4 |
Жогорудагы кыскартуулардын натыйжасындагы 1950,4 миң сом жана атайын каражаттын эсебиндеги 150,0 миң сом, жалпысынан 2100,4 миң сом акча каражатын жумуштун зарылчылыгына байланыштуу чыгымдоо багыттары жөнүндө
Таблица 2
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Жумшалуучу акча каражатынын өлчөмү (миң сом) |
1 | “Достук” балдар бакчасынын айланасын тосмолоо боюнча проекттин баасынын 20% өздүк салымы катары | 320,0 |
2 | Кыргызстан, А.Сүйөркулов атындагы көчөлөрдү оңдоп түзөө (ямочный ремонт) иштерине кошумча | 800,0 |
3 | Черноткач көчөсүн асфальттоо үчүн чыгымдалуучу акча каражатынын бир бөлүгү | 700,0 |
4 | Бишкек-Ош автоунаа жолун түнкүсүн жарыктандырууга көмөктөшүү | 280,4 |
| Жалпы: | 2100,4 |