Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 05-августу № 124-29-26
«Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын аймагындагы “Церковь Элчилик Жыйыны” жана “Жахабалардын күбѳлѳрү”диний уюмдардын ишмердүүлүгүн чектѳѳ жөнүндө»
Кыргыз Рыспубликасынын Конституциясынын 20 - беренесинин 2 пунктунда, Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жѳнүндѳгү мыйзамдын 4 – беренесинин 7 пунктуна, Граждандын жана саясий укук жѳнүндѳгү эл аралык пактынын 18,3 беренесине, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 31 беренесине ылайык, диний негизде касташууну алдын алуу, коопсуздукту жана тартипти сактоо максатында Кемин шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын айыл тургундарынын “Церковь Элчилик Жыйыны” ” Кемин ш. Тукеев к. №34 жана “Жахабалардын күбѳлѳрү” Кемин ш. Тукеев к. № 37 ишмердүүлүгүнүнѳ карата нааразылыгынын жазуу түрүндѳгү арызы эске алынсын.
2. Кемин мэриясынын аймагандагы религиялык тобунун “Церковь Элчилик Жыйыны” Кемин ш. Тукеев к. №34 жана “Жахабалардын күбѳлѳрү” Кемин ш. Тукеев к. № 37 мындан аркы ишмердигин токтотуу зарыл деп эсептелсин.
3. Токтомду, Кемин районунун “Эмгек Жарчысы” гезитине басып чыгаруу, жана Кыргыз Республикасынын Министирлик юстиция ордонуна жиберип каттоого, жооптуу катчы К.Мамбеталиевге тапшырылсын.
4. Учурдагы токтомдун аткарылыш, кѳзѳмѳлдѳѳ ишиш, Кемин шаарынын вице мэри С.Иманалиевке тапшырылсын.
Кемин шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Курманалиев |