Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 1
Чаек айыл аймагындагы Бештерек айылына үрөнчүлүк фондусун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Чаек айыл аймагындагы Бештерек айылына «Келечек» коомдук үрөнчүлүк фондусун түзүү жөнүндө, депутат С. Мамбетовдун сунушун угуп Чаек айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы Бештерек айылына “Келечек” коомдук үрөнчүлүк фонду түзүлүп, юридикалык документтерди толук алуу жагы С.Мамбетовго милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айыл аймагындагы Бештерек айылындагы “Келечек” коомдук үрөнчүлүк фондусуна тапшырылсын.
3. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодошбеков
|