Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 2
Чаек айыл аймагына тиешелүү “Донуз” участогунан “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү боюнча убактылуу жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин13,60,61 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.04.2006-жылдагы №261 Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участогун берүү жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын 09.08.2012-ж №160 .КР. 24.05.2014-ж №77 мыйзамынын гл.5.ст.39 негизинде, Чаек айылдык Кенеши
токтом кылат :
1.Чаек айыл аймагынын чегиндеги “Дощуз” участогуна “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 26.10.2011-жылдагы 3057-СР геологиялык изилдөөгө берилген лицензиянын жана №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде 149-га жер участогу төмөндөгү бурчтук точка кардинаттарынын чегинде геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 31.12.2015-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер участогу болүнүп берилсин.
№точек | Х | Ү | №№точек | Х | Ү |
1 | 4617290 | 13470620 | 4 | 4618600 | 13472840 |
2 | 4617680 | 13470470 | 5 | 4617220 | 13471120 |
3 | 4618580 | 13471570 |
|
|
|
2. Бул токтомдун аткарылышын Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын оорун басары Мамбетов Элбайга тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодошбеков
|