Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 3
Чаек айылындагы «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Чаек айылындагы «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын куруу боюнча арызын карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», КР «Жергиликтүү кенештин депуттатарынын статусу» жөнүндө мыйзамынын талабына ылайык, «Кара-Кече» филиалына (офис) контор имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы «Кара-Кече» коомдук комитетинин төрайыма Түлөбаева Алтынга жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодошбеков
|