Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 4
Чаек айылындагы К. Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрына жаны имарат куруу үчүн жер берүү жөнүндө
Чаек айылындагы К. Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрынын жамаатынын арызын карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», КР «Жергиликтуу кенештин депуттатарынын статусу » жөнүндө мыйзамынын талабына ылайык, К. Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрына жаны имарат куруу үчүн Э. Матыев көчөсүнүн боюндагы орнотулган Айкелдердин күн чыгыш тарабынан 926 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы К. Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драм театрынын директору Абдыкеримова Аида Асанбековнага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодошбеков
|