Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 9
Чаек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланган орто мектептердин,бала бакчалардын,балдар үйүнө ЖКХнын чарбалык иштерине бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жөнүндө,Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагындагы мектеп, бала бакчалардын, балдар үйүнө жашылдандыруу жана көрктөндүрүү бөлүмүнүн чарбалык иштерине бөлүнгөн акча каражатынын (айыл өкмөтүнө тиешелүү авто унааларга кеткен күйүүчү , майлоочу майга жана авто унааларга салынган тетиктерге) канча акча каражаты сарпталганы 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана киреше -чыгаша тууралуу ар бир статья боюнча кийинки сессияга толук маалымат, берүү жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башкы эсепчиси
М. Мурзакматовго тапшырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.+мүровго милдеттендирилсин.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|