Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 12
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын бюджетин жана 2015-2016 -жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин, 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын бюджетин жана 2016-2017 -жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча Чаек айылдык Кещешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2015-жылдагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 13954, 0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2015 -жылдагы бюджетинин
-киреше салыктары- 15881, 3 мин сом суммасында бекитилсин.
-өздүк каражат - 862, 5 мин сом суммасында бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2015-жылга айылдык бюджетти бекитүү иш чарасы бекитилсин, жыл ичинде иштин кызыкчылыгы үчүн, Айылдык Кещештин токтомунун негизинде мүмкүнчүлүккө жараша статьяларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга,социалдык коргоого, иш сапарына, коммуналдык чыгымдарга жана ар кандай чыгымдарды чыгымдоодо лимиттен ашпай иш алып баруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мурзакматовго милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга айылдык бюджетти кароодо жетпей калган каражат Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
6.Айыл- өкмөтүнүн айылдык бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык калдык накталай акча 5000 (беш мищ) сом суммасында белгиленсин.
7.2015-жылга -13954, 0 мин сомго, 2016-жылга -15821, 0 мин сомго бюджеттин долбоору бекитилсин.
8. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|