Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 13
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн калдык акча каражаты жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014-жылдын бюджетинин 1927, 3 (Бир миллион тогуз жүз жыйырма жети мин үч жүз сом) калдык акча каражатынын чыгымдалышын бекитүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутатарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылындагы А. Акматалиев көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү таза суу чыгаруу үчүн 25 000 (жыйырма беш мин) сом акча каражаты берилсин.
2. Чаек айылындагы ФОК-1 (Ден соолукту чындоо борборуна) курулушун бүткөрүү үчүн өздүк салымы үчүн 300 000 (Үч жүз мин) сом акча каражаты берилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин имаратын ондоого түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн 300 000 (Үч жүз мин) сом акча каражаты берилсин.
4. Чаек айыл аймагындагы Т. Турсунбаева мектеп гимназиясын жылуулук системасын ондоого түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн 300 000 (Үч жүз мин) сом акча каражаты берилсин.
5.Чаек айыл аймагындагы К. У. Жолдошбек атындагы орто мектебине компьютер, принтери менен алуу үчүн 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты берилсин.
6. Чаек айыл аймагындагы Чукур аймагынан Жаман-Талаа аймагына кетүүчү жолдорду ондоп түзөө үчүн 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты берилсин.
7. Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылынын түнкү жарыктандырууга ПРООНдун проектиси боюнча өздүк салым үчүн 53 000 (элүү үч мин) мищ сом акча каражаты берилсин.
8. Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылындагы ФОК- 2 (ден соолукту чындоо борбору) ондоп түзөөгө 100 000 ( Жүз мин) сом акча каражаты берилсин.
9. Чаек айылындагы дыйкандарды колдоо үчүн комбайн алууга 500 000 (беш жуз ) мин сом акча каражаты берилсин.
10. Чаек айыл өкмөтүндөгү ички жолдорду ондоо үчүн 250 000 (Эки жүз элүү мин) сом бөлүнүп берилсин.
11. Чаек айыл өкмөтүнүн-Кенешинин резервтик фондусуна 39 300 (отуз тогуз мин үч жүз) сом бөлүнүп берилсин.
12. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
13.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|