Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 14
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин көп жылдан бери пайдаланып пайдалануу мөөнөтү бүткөн негизги жана айланма каражаттарды айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгаруу боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин көп жылдан бери пайдаланып пайдалануу мөөнөтү бүткөн негизги жана айланма каражаттары айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгарылсын.
2. Балансадан чыгаруу тиешелүү документтерин даярдоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мурзакматовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|