Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 09-апрели № 1
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин кенсесинин капиталдык курулушу түрткү берүүчү грантка өтпөй калгандыгына байланыштуу, өздүк салымга каралган акча каражаты Чаек айыл өкмөтүнүн бөлөк чыгымдарына бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтүнүн мекемесинин бюджетинин айыл өкмөтүнүн кенсесинин капиталдык курулушу түрткү берүүчү грантка өтпөй калгандыгына байланыштуу өздүк салымга бөлүнгөн 300 000 (үч жүз мин) акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүү максатында, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысынын 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 462 кайрылуусу боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылындагы Т. Турсунбаева мектеп гимназиясынын, М. Алыбаев атындагы орто мектебинин жана “Шабданбек уулу Алтынбек” атындагы бала бакчанын жылуулук өтүүчү трассаларын ондоо жана “ТАНSU” от казандарын алуу долбооруна бөлүнгөн Чаек айылдык Кенешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 13 токтому менен 300 000 (үч жүз мин) сом акча каражаты өздүк салымга жетпей калгандыктан жетпеген 72100 (жетимиш эки мин бир жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Чаек айылындагы Т. Турсунбаева мектеп гимназиясынын, М. Алыбаев атындагы орто мектебинин жана “Шабданбек уулу Алтынбек” атындагы бала бакчанын жылуулук өтүүчү трассаларын ондоо жана “ТАНSU” от казандарын алуу боюнча долбоордун сметасын жасоо үчүн 36500 (отуз алты мин беш жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Жогорудагы аталган долбоорду Жумгал жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан сметаны бекитип берүү үчүн 3720 (үч мин жети жүз жыйырма) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
4. Калдык 184420 (бир жүз сексен төрт мин төрт жүз жыйырма) сом акча каражаты Чаек айылдык Кенешинин токтому менен бөлүштүрүлсүн.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|