Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 09-апрели № 2
Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Чаек айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу КР “Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын, Кыргыз Республикасындагы “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамдын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун 6-бөлүмүнүн талаптарынан ылайык, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдору мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|