Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 09-апрели № 3
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жумушчу кызматчыларынын Чаек айылдык кеңешине жазган кайрылуусу жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жумушчу кызматчыларынын Чаек айылдык кенешине жазган кайрылуусу боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жумушчу кызматчыларынын Чаек айылдык кенешине жазган кайрылуусу жөнүндөгү Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жооптуу катчысы А. Токтоналиеванын Чаек айыл өкмөтүндө 30-жылдан бери иштеген эмгегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын класстык ченин эске алуу менен Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары бош ваканттык кызмат ордуна Токтоналиева Айгүл Кадырбаевна сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|