Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 09-апрели № 4
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2014-жылдын 6-майындагы № 4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
“Жумгал ишкерлери” коомунун жетекчиси Тултуков Жумабектин ишкерлик кылуу максатында жуулган таш, кум чыгаруу станогун иштетүүгө “Саздын-Башы” участогундагы сайдан 3.0 (үч) га, Чаек айылындагы Киндик-Дөбө участкасынан 2.0 (эки) га топурак алуу үчүн арендага Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги XX-сессиясынын 2014-жылдын 6-майындагы № 4 токтому менен бөлүнүп берилген жер участокторун жокко чыгаруу үчүн, Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык Кещешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги XX-сессиясынын 2014-жылдын 6-майындагы № 4 токтому менен “Жумгал ишкерлери” коомунун жетекчиси Тултуков Жумабекке ишкерлик кылуу максатында жуулган кум, таш чыгаруу станогун иштетүү үчүн “Саздын-Башы” участогундагы сайдан 3.0 (үч) га. Чаек айылындагы Киндик-Дөбө участкасынан 2.0 (эки) га топурак алуу үчүн арендага бөлүнүп берилген жер участоктору, Жумгал райондук прокуратурасынын 2015-жылдын 30-мартындагы № 11-21-15 талабынын негизинде жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|